Ош. Алайда Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгына карата майрамдык салтанат өттү

28-майда Алай райондук маданият үйүндө КРнын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгына карата майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда райондук администрациянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, №92843-аскер бөлүгүнө 5000 сом акчалай сыйлык берилди. Үлгүлүү жүрүм-туруму, күжүрмөн даярдыгы жана кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы үчүн улук лейтенант Айбек Аристокиев, Жамалидин Чокоев Алай райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасына татышты. 

Ошондой эле №92843-аскер бөлүгүнүн командири Руслан Ишкарин тарабынан аскер кызматкерлерине алкыштар айтылып, айрымдарына баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Салтанаттын соңунда маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чоң программадагы концерт тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан