Ак-Суу районунун электр тармагынын инспектору алдамчылыкка шектелүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 29-майда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун электр тармактарынын 33 жаштагы Мирзада аттуу инспектору жарандардан электр энергия үчүн болгон төлөмдү алып, акчаны өз кызыкчылыгына колдонгон.
Учурда аталган факт боюнча иликтөө иштери уланууда.