Алайда Ахматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылып Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турган элдин саны артууда. Бул тууралуу депутаттын тарапташтарынын бири Жаркынбай Косонов SUPER.KG порталына билдирди.
Айтымында, жол тосуп турган 400 адамдын катары дагы көбөйүшү мүмкүн. “Азыр митингчилердин катарына дагы 50гө жакын эл келип кошулду, дагы да кошула тургандар бар экени айтылууда”,- деди Косонов.
Эскерте кетсек, 27-майдан бери Алай районунда Ахматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылган эл Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турат.