Депутаттар акыйкатчынын 2013-жыл боюнча отчёту боюнча Жогорку Кеңештин токтом долбоорун кароону кийинки аптага калтырды

Жогорку Кеңештин 29-майдагы жыйынында депутаттар акыйкатчынын 2013-жылга карата отчёту боюнча Жогорку Кеңештин жеткире иштелип чыккан токтом долбоорун кароону кийинки аптага калтырды. Мындай сунушту депутат Исмаил Исаков айтып чыкты. “Акыйкатчы ушу тапта Ошто экен, жакындарынын биринин кыркы болот экен. Өзү келгенде эле карайлы”,- деди депутат.

Төрага Асылбек Жээнбеков маселени кароо кийинки аптага жылдырылганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан