Жогорку Кеңештин 29-майдагы жыйынында депутаттар камактагы кесиптеши Ахматбек Келдибеков боюнча маселе көтөрүштү. Депутат Бөдөш Мамырова Алай районундагы митингчилердин кайрылуусун окуп берди.
“Ахматбек Келдибековду коргоо комитетинен жана жергиликтүү тургундардын кайрылуусу мага келип түштү. Ага 39 адам кол коюптур, дагы 400дөй жаштар демилгени колдойбуз деп жатышыптыр. Алар Келдибековдун тегерегиндеги окуяларга, ден соолугунун начарлап кетишине нааразы болуп, жолду бууп турушат. “Эч жерден жыйынтык чыкпагандан кийин силерге кайрылып жатабыз дешүүдө. Талаптары: Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү. Айыпталуучу ооруканада жаткандыктан, тергөө жүрбөй жатканын айтышат. Баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө чечимин чыгарып койсо, тергөө өз учурунда жүрүп, иш сотко ашат эле. Сот ак же кара деп чечим чыгарса токтойт элек деп жатышат тургундар”,- деди Мамырова.
Кайрылуу президенттин, парламент төрагасынын, башкы прокурордун жана Жогорку Соттун төрайымынын атына жолдонгон.