Депутаттар жаңы конуштардагы мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу иши боюнча так маалымат берүүнү өкмөттөн сурашты

Жогорку Кеңештин 29-майдагы жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева жаңы конуштардын көйгөйүн айтып чыкты. Анын билдиришинче, күздөн бери өкмөт бул багыттагы иштер боюнча так маалымат бербей жатат. “Мыйзамдаштыра турган жүздөгөн үйлөр бар. Жергиликтүү тургундардын талабы да үйлөрүн мыйзамдаштыруу. Бул багыттагы башталган иштер кайсы жерге жетти? Бул боюнча өкмөттөн так маалымат берүүнү өтүнөм. Борбор шаардын аймагында жаңы конуш бар. Бишкек шаардык мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти өткөргөн эсепке алуунун жүрүшүндө Бишкек шаарындагы 42 турак жай конушунда жеке турак жай курулган 6382 жер тилкеси аныкталган. Алардын ичинен 3589 жер тилкесин мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк бар,- деди депутат. 

Жыйын уланууда. Депутаттар ар түрдүү маселелер боюнча сөз сүйлөшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан