Бүгүн, 29-майда облустук сот Шахида Аманбаеваны күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыратты. Бирок абакта 3 жылдан ашуун отургандыктан, ал "жаза мөөнөтү бүткөн" деп сот залынан бошотулду.
Сот Алишер Жумашевди Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (кылмыштуу шериктикти уюштуруу) боюнча 4 жылга эркинен ажыратып, 2010-жылдын декабрь айынан берки СИЗОдо өтөгөн мөөнөтүнүн 1 күнүн 2 күн катары эсептөө чечимин чыгарса, экинчи шектүү Урмат Аскеевди 97-берене (адам өлтүрүү) боюнча 9 жылга эркинен ажыратып, анын да СИЗОдо өткөргөн 1 күнүн 2 күн катары эсептөө чечимин чыгарды. Ал эми баспай калган Шахида Аманбаеваны 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча айыптап, ал 4 жылга эркинен ажыратылды. Бирок СИЗОдо өтөгөн 1 күнүн сот 3 күн катары эсептеп, аны сот залынан бошотту.
Айта кетсек, 27-май күнү облустук сотто айыпталуучулардын иши боюнча жарыш сөздөр айтылган.
Эске сала кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Бул адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев, 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева кармалган. Мына ошондон бери айыпталуучулар абакта соттун өкүмүн күтүп келишет. Буга чейин 2013-жылдын 12-декабрында Токмок шаардык соту жогоруда аты аталган айыпталуучуларды актаган. Бирок ал чечимге макул болбогон жабырлануучунун атасы доо арыз менен кайрылган. 2014-жылдын 20-май күнү Чүй облустук соту апелляциялык арызды карап, мамлекеттик айыптоочунун сунушу менен сот отуруму 27-майга жылган болчу.