Өзбекстан Чарбак айылынын тургундарына келтирилген чыгымды төлөп берүүгө даяр экендигин расмий билдирди

Өзбекстан Баткен облусунун Чарбак айылындагы чек ара жаңжалында жабыркаган кыргыз жарандары тарткан материалдык зыянды төлөп берүүгө даяр экендигин расмий билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мамажан Бердишев билдирди. Анын ырастоосунда, мындай маалымат бүгүн, 11-декабрда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков менен Өзбекстандын Фергана облусунун акими Ш.Ганиевтин жолугушуусунан соң белгилүү болду. “Келтирилген чыгымдарды эсептөө үчүн Өзбекстанда да, Кыргызстанда да атайын комиссия түзүлдү. Жыйынтыгында бул комиссиялар биргелешкен жолугушуу өткөрүп, төлөнүүчү каражаттын суммасы аныкталат”, - деди Бердишев.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан