Мирлан Бакиров өлкөдөгү бардык сугат жерлерине кайрадан инвентаризация жүргүзүү зарыл экенин айтты

Бүгүн, 29-майда депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү сугат жерлерин өз багытында жана сарамжалдуу пайдалануу маселесин көтөрүп, ага кайрадан инвентаризация жүргүзүү сунушун киргизди. “Өткөндө бир эле айыл өкмөтүндө 80 гектар айдоо жери жашырылып, айыл өкмөт башчысы аны ижарага берүү менен кирешени өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келгени белгилүү болду. Менимче, мындай жерлер арбын. Аларды таап чыгып, өз багытында пайдалануусун көзөмөлгө алуу зарыл”,- деди Бакиров.

Бакиров төрага Асылбек Жээнбековго парламенттин тармактык комитетине тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге сугат жерлерди кайрадан инвентаризациядан өткөрүү маселесин кароо тапшырмасын берүү өтүнүчү менен кайрылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан