Парламент: Депутаттар өлкөдө жаштардын кальян тартышына чек коюуну сунушташууда

Жогорку Кеңештин 29-майдагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева өлкөдө жаштардын кальян тартышына чек коюу керектигин айтып чыкты. Депутат кальян тартуу жаштар арасында мода болуп жатканын белгиледи.

“Кальян чегүүнү жаштар модага айлантып алышты. Тынчсызданганым – кальяндын сапатын текшерген эч ким жок. Бул нерсе тамекиден да бир топ зыяндуу. Ал тургай Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да кальяндын тамекиден бир нече эсе зыяндуу экенин билдирген. Тилекке каршы, буга ата-энелер да көңүл бурбай жатышат. Мен кальян кызматын көрсөткөн бардык кафе-ресторандарды текшерип чыгууну, аны чектөөнү талап кылам”,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан