Жыл башынан бери билим берүү жайларында 23 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 29-майда билдирди.
2014-жылдын башынан бери өспүрүмдөргө жана жаштарга билим берүү жайларында 16 өрт кырсыгы катталса, жаш балдарга билим берүү жайларында 7 өрт катталган. Бул кырсыктардын айынан 738 281 сом зыян келтирилген. Иликтөөлөргө караганда, акыркы убакта окуу жайларында жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде чыккан өрттүн саны көбөйгөн. Андыктан Өрткө каршы мамлекеттик кызматы жарандардан өрт коопсуздугун сактап жүрүүнү өтүнөт.