25-майда Чүй районунун Дөң-Арык айылында Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 2007-жылы туулган Жапаров Бекжан дале табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, издөө иштери эч кандай натыйжа бербей келүүдө. 28-майда ӨКМнын Токмок шаардык №21-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 30 куткаруучу, Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык жумуштарды аткаруу борборунан 4 суучул жана туугандарынан 15 адам издөө иштерин улантышкан. Бирок, тилекке каршы, ал натыйжа берген жок.