Жаза аткаруу кызматынын мурунку кызматкери кызматтык жасалмачылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-майда билдирди.
Жаза аткаруу мекемесинин мурунку кызматкери "пенсияга чыгарда Жети-Өгүздүн бийик тоолуу курорт аймагында жашай тургандыгы жөнүндө жасалма документ жасап, пенсияга жеңилдиктер менен чыгып алган" деп шектелүүдө. Мындан улам мамлекетке 103 424 сом зыян келтирилгендиги белгилүү болду.
Учурда юридикалык баа берилиш үчүн бардык материалдар тергөө кызматтарына өткөрүлүп берилди.