Бөдөш Мамырова: “Алай эли “Кыргызстанда Келдибековдон башка коррупционер жокпу?” дешүүдө”  

Жогорку Кеңештин 29-майдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова бийлик Алайдагы митингчилердин талабын аткарышы керектигин айтып чыкты. Мамырова топтолуп бийликке нааразы болгондордун саны күн санап өсүп жатканын айтат. 

“Ошто абал оор. Ахматбек Келдибековдун тарапташтарына Ош шаарында газдын жоктугуна нааразы болгондор барып кошулуптур. Алайдын тургундары “Келдибеков Батукаевден да коркунучтуу кылмышкерби? Же Кыргызстанда Келдибековдон башка коррупционер жокпу? Эгер өлкөдө жалгыз эле Келдибеков коррупционер, башкаңар таза болсоңор, анда ошентип чечим чыгарып бергиле” деп жатышат. Билебиз, мындайда көйгөй күчөй берет. Жеке маселесин айтып чыгып деле топтолгондорго кошула берет. Алдын албасак, бул нерсе башка жакка бурулуп кетчүдөй болуп турат”,- дейт Мамырова.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан