Качкын Булатов Ахматбек Келдибековдун ден соолугунун начарлап жатканын айтып тынчсызданды

“Абакта жаткан депутат Ахматбек Келдибековдун ден соолугу күндөн-күнгө начарлап жатат”,- дейт укук коргоочу Качкын Булатов.  Ал мындай пикирин бүгүн, 29-майда SUPER.KG порталына билдирди.

Айтымында, депутаттын абалы оор. “Хирург Сабыр Жумабеков айтып чыккандай, Келдибековдун беш жолу операция болгон бутунун сөөктөрү чирип жатыптыр”,- дейт Булатов.

Ал эми Булатов укук коргоочу катары мыйзамдын бирдей аткарылышы керектигине токтолду. “Прокуратура системи таза иштеп, коррупция менен таза күрөшүп жатканын элге жеткире билсе, эл макул болуп отуруп калмак. Прокуратура - мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп туруучу орган. Азыр милиция, УКМКнын мыйзамдары аткарылбай, прокуратура өзү буйрутма материалдар менен иштеп, калыстык жасабай жаткандыгы үчүн Келдибековдун иши канчалык чын болсо да эл ага ишенбей, минтип нааразычылыктарды уюштуруп жатат”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан