Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков Бишкек шаарындагы негизги көчөлөрдүн абалына нааразы. Муну депутат парламенттин 29-майдагы жыйынында айтып чыгып, мисалдарды келтирди. “Бишкекте бийлик барбы же жокпу? Чүй проспектинин Чыгыш 5 кичи районунун аймагындагы жол чуңкурлары качан оңдолот? "Кудайберген" базарынын жанындагы жолду бирөө-жарым көрөбү? Ал жерден унаа эмес, адам өтө албайт, плакаттарды коюп, тыгылып туруп алышкан. Туризмди өнүктүрөбүз деп кыйкырабыз, ушуларды көргөндөн кийин каяктагы турист?”- деди Исаков.