Бишкек шаарынын жашоочусу "21 жаштагы айымды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет кылган" деп шектелүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 29-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматтарга караганда, 21 жаштагы кызды 27 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу Озёрная айылындагы көлдүн жанынан бычак менен коркутуп, сабап, зордуктоого аракет кылган. Бирок аябай мас абалында болгондуктан, ойлогон оюн ишке ашыра алган эмес. Бул тууралуу милиция бөлүмүнө билдирилген соң, изи сууй электе аталган кылмышка шектелип А.Р. аттуу 27 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда иликтөө иштери уланууда.