2012-жылы Жалал-Абад облусунда 10 миң 500 жаран расмий түрдө нике каттоосунан өткөндүгүн өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди. Ал эми Жалал-Абад облусу боюнча жыл ичинде 30 миң 600 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилсе, 1000 киши ажырашууга арыз берген. Ошондой эле 5 миң киши каза болгон.