“Ошто газдын берилбей жатышына эл макул, бирок электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү зарыл” дейт Асылбек Жээнбеков    

Газсыз калган Ош шаарынын тургундарына электр энергиясы үзгүлтүксүз берилиши жана жарык берүүнү өчүрүүгө күнөөлүү жетекчилер жазага тартылышы шарт. Муну төрага Асылбек Жээнбеков ЖКнын 29-майдагы жыйынында айтты. “Газ маселесин бир нече жолу талкууладык. Газды чоң саясатка айланткан газ берүүчүдөн кеттик, бир аз чыдайлы. Газ жок жерде үзгүлтүксүз электр энергиясын беришибиз керек. Эл деле газ жок болсо макул деп жатат, бирок жарыкты үзгүлтүксүз бербесек болбойт. Буга биз деле макул эмеспиз. Ош шаарынын жашоочуларын жарык менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну талап кылам”,- деди төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан