Ош шаарында калктын 30 пайызы ичүүгө арык суусун колдонору айтылды

Ош шаарынын тургундарынын 30 пайызы арыктан суу ичет. Муну төрага Асылбек Жээнбеков ЖКнын 29-майдагы жыйынында айтты. Төрага Ош шаарында таза суу маселесин чечүүнү өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө тапшырды. “Ош шаарында суу маселеси чечилбесе, башка жакта кантип чечилсин? Муну сөзсүз чечиш керек”,- деди төрага. 

Жыйында депутаттар Ош шаарында газдын жоктугу аз болгонсуп таза суу берүү да токтотулуп жатканын айтышкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан