Кеминдеги селден жабыркаган Кызыл-Октябрь айылынын тургундары мамлекеттен жардам алууда кыйналып жатканы айтылды
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 28-майда селден жабыр тарткан Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары менен жолугушту. Депутат үйлөрү бузулгандарга жардам катары 700 даана шифер, 12 тонна цемент тапшырганы айтылды. Табият кырсыгынан жабыр тарткандардын көпчүлүгүндө үйгө ээлик кылуучу документтери жок болгондуктан, мамлекет тарабынан берилүүчү жардамдарды алууда кыйынчылыктар болуп жатканын билдиришти. Жолугушууга барган өкмөттүн тийиштүү адистери турак жайга ээлик кылуучу документтердин зарылдыгын белгилешти. Иманалиев суук түшкөнчө жабыр тарткандар үйлөрүн куруп алышы керектигин айтып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен ссудалык каражаттарды тездетүү керектигин белгиледи.