Буга чейин бул көпүрө боюнча 2 кылмыш
иши ачылып, акча каражаты жок болгондуктан, курулуш иштери башталбай келген. Учурда
анын курулушуна каражат бөлүнүп, анын курулушу расмий түрдө башталды. Бул
тууралуу бүгүн, 29-майда мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин
көпүрөнүн айланасынын көлөмү кичирейип кеткени тууралуу бир катар сындар айтылып
келген. Келечекте аталган көпүрө аркылуу автоунааларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү болот.