Өмүрбек Текебаев "акыйкатчы шайлоону коалициялык көпчүлүк өзүнө ылайыктап жатат" деген сынга макул эмес

Парламент депутаты Өмүрбек Текебаев "жаңы мыйзам долбоору аркылуу акыйкатчы шайлоону коалициялык көпчүлүк өзүнө ылайыктап жатат" деген сынга макул эмес. Муну депутат ЖКнын 29-майдагы жыйынында билдирип, сын айткан депутат Курмантай Абдиевге жооп берди. Айта кетсек, Абдиев “бир адамдын мисалында мыйзам жазууну токтотуш керек” деп билдирген эле. 

Өмүрбек Текебаев: “Убагында Бакиевди элестетип мыйзам чыгарып жүргөндөр бүгүн чоң сүйлөп парламентте отурушат. Акыйкатчы шайлоого абдан туура норма киргизилип жатат. Муну жыргаганыбыздан сунуштап жаткан жокпуз. Башка өлкөлөрдө бул практика колдонулуп жүрөт. Бизде деле башка жооптуу кызматкерлерди ушул жол менен шайлап келебиз, акыйкатчыны да ушундай жол менен шайлоону демилгелеп жатабыз”,- деп жооп берди.

Депутат "бул мыйзам долбоору аркылуу акыйкатчы шайлоодо коалициялык көпчүлүк көрсөткөн талапкер гана өтөт, башкаларга мүмкүнчүлүк жок" деген сынга макул эмес. “Кимиси өтөрүн эч ким билбейт. Депутаттар көп добуш берген гана талапкер өтөт, жумшак рейтинг болгон күндө деле көп добуш алган талапкер жеңүүчү болот”,- деди Текебаев.

Айта кетсек, сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, акыйкатчылык кызматка парламенттеги фракциялар 3төн ашык талапкер көрсөтө албайт. Акыйкатчы шайлоодо бир депутат бир гана талапкерге добуш бере алат. Ошондой эле акыйкатчыны шайлоо процесси башталгандан кийин добуш берүү күнү башка күнгө жылдырылбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан