Жогорку Кеңеш: Депутаттар Аксы районунун акимин иштен алууну сунушташты

Парламенттин 29-майдагы жыйынында депутаттар Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевди иштен алууну өкмөткө сунушташты. Депутат Эсенгул Исаков аталган аким мыйзамсыз иштерди жасап жатканын айтат. “Аксы районундагы “Арсланбап” ишканасына байланышкан чатак 10 жылдан бери келе жатат. Район акиминин аталган ишкана боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерине нааразычылыктар айтылууда. Муну иликтеп чыгып, мындай акимдерди иштен токтоосуз бошотуш керек”,- дейт депутат.

Исаков район акиминин туура эмес иштерине нааразы болгон жергиликтүү тургундар нааразычылык акциясына чыгышканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан