КРнын Өкмөтүнө караштуу Региондор аралык экологиялык жана техникалык экспертизанын
инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 29-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусунан укук коргоо кызматкерлерине Д.Ш. аттуу жаран кайрылып, Региондор аралык экологиялык жана техникалык экспертизанын инспектору административдик жоопкерчиликке тартпоо үчүн 10 миң сом пара сом сурап жаткандыгын кабарлаган.
Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында аталган мекеменин К.М. жана К.К аттуу кызматкерлери пара алып жатканда кармалышкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.