Жогорку Кеңеште чек ара сакчыларына (чек ара ыйгарым укуктууларына) курал берүү демилгеси талкууланууда. Тийиштүү мыйзам долбоору боюнча депутат Бакыт Төрөбаев суроолорго жооп берүүдө. Көпчүлүк депутаттар бул демилгеге каршы чыгышууда. Бакыт Төрөбаев бул демилгеге Чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев да каршы экенин айтты. “Ошко Чек ара кызматынын башчысы менен бир учакта баратып айттым, “чек ара сакчылары боюнча мыйзам сунуштайбыз, чогуу иштешели” деп. Ал дароо каршы болду, эмнеге экенин сурасам, "аларга курал берилсе, мас болуп алып баарын атып салышат" деп жооп берди. Кыргыздын баары эле арак ичпейт да. Кадимки чек арачылардай тартипте иштейт”,- деди депутат.
Депутат Курмантай Абдиев мыйзам долбооруна каршы. “Мисалы, Баткенди алалы. Бир кокустук болуп кетсе, колунда куралы бар чек ара сакчылары атышууну башташат”,- дейт ал.
Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү учурда чек арачыларга жардамдашкан 91 чек ара сакчысы бар экенин билдирди.