Жогорку Кеңеште бүгүн, 29-майда "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Депутат Бакыт Төрөбаевдин айтымында, ушу тапта чек ара ыйгарым укуктуулары иш жүргүзүп жатканына жыл башында болгон кыргыз-кытай чек арасындагы окуя күбө. Мыйзам долбоору чек ара аймагындагы жашоочуларды төлөм негизинде мамлекеттик чек араны кайтаруу ишине тартууга багытталган.
Талкууда мыйзам долбоорунда чек арага чектеш айылдардын жарандарына курал берүүнүн кооптуулугу айтылды. Төрөбаев мыйзам долбоорунда кемчиликтер бар экенин моюнга алып, бирок кескин түрдө мыйзам долбоору кереги жок дегенге кошулбастыгын белгиледи. Бир катар депутаттар мыйзам долбоорун айтылган сын-пикирлерди эске алып, жакшылап иштеп чыгуу керектигин айтышты.
Мыйзам долбоорун экинчи окуу режиминде талкуулоо чечими кабыл алынды.