Жогорку Кеңеште бүгүн, 29-майда шаарлар менен айылдардын башкы планын жөнгө салуу, анын бекитилишине коомчулукту катыштырууга багытталган “КРнын шаар куруу жана архитектура жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Мыйзамдын демилгечиси – депутат Дастан Бекешев.
Депутат Жусупали Исаевдин айтымында, мыйзам долбоору шаарлар менен айылдардын башкы пландарынын жашыруундуулугун алып салуу максатында иштелип чыкты. "Жарандар өз шаарынын башкы планы менен тааныш болууга тийиш. Азыр ал көпчүлүктүн көзүнөн далдоо сакталат. Ал план адеп түзүлгөндө коомдук талкууга алып чыгып бекитүү тартиби да камтылды",- дейт депутат.
Исаев шаарлар менен айылдардын башкы планын жарыялоодо ички инфраструктура жана коммуникация пландары алынып салынарын билдирди.
Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.