Исмаил Исаков жол эрежесин бузган айдоочуларга айыпты көтөрүүгө каршы

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду көтөрүүгө каршы. Муну депутат парламенттин 29-майдагы жыйынында билдирди.

“Айдоочуларга айыпты көтөрүү бир жагынан туура, экинчи жагынан туура эмес. Эмне үчүн туура эмес? Айыпты көтөргүчө биринчи жакшылап шарт түзүп бербейлиби? Азыр шаарда кааласак да, каалабасак да айдоочулар эрежени бузуп жатышат. Унаа токтотмолор жок, айдоочулар көчөгө токтоп жатышат”,- деди Исаков.

Депутат өлкөдөгү автомектептердин абалы начар экенин белгиледи. 

Айта кетсек, жол эрежесин бузган айдоочуларга айыпты көтөрүү демилгесин депутат Дастан Бекешев сунуштап жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан