Дастан Бекешев айдоочуларга айыпты көтөрүү боюнча: "Шарт жок, шарт жок" дей берсек эч качан өнүкпөйбүз"

Жогорку Кеңеште бүгүн, 29-майда жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду көтөрүү менен алардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда. Демилгечи депутат Дастан Бекешев депутаттар тарабынан айтылган “айдоочуларга шарт түзбөй туруп айыпты көтөрүү туура эмес” деген сынга макул эмес. "Шарт жок, шарт жок" дей берсек эч качан өнүкпөйбүз. Жол эрежесин бузгандарга жазаны көтөрмөйүнчө болбойт. Айдоочу айып пул чөнтөгүнө канчалык оорчулук алып келерин сезмейинче жол эрежесин бузуп жүрө берет",- деди Бекешев.

Мыйзам долбоору кызуу талкууга алынууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан