КРнын Экономика министрлиги Кыргызстандын түштүк аймагында эң арзан көмүр Таш-Көмүр шаарында сатылып жатканын билдирди. Маалым болгондой, өлкөнүн түштүгүндө көмүрдүн баасы түштү. Таш-Көмүр шаарында көмүрдүн тоннасы - 2750 сом болууда. Баткен шаарында 1 тонна көмүрдүн баасы 1,5 миң сомго, аталган облустун Пүлгөн көмүрү - 200-650 сомго чейин төмөндөгөн. Ошондой эле Жалал-Абад шаарында көмүрдүн баасы 400 сомго арзандады. Ал эми эң кымбат көмүр Ноокат шаарында, 12500 сом, Кадамжай районунда - 11600 сом, Араван районунда - 10500 сом болуп жатканын билдирет аталган министрлик.