Бөдөш Мамырова төрагага: “Сиз менин кийимиме асылбаңыз, же "спикер айткандай кийинебиз” деп мыйзам кабыл алалы"

Жогорку Кеңештин 29-майдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова менен төрага Асылбек Жээнбековдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Мамырова сөз сүйлөөгө микрофон бербей койгону үчүн төраганы айыптады. Эки депутаттын кайым айтышуусу төмөндө:

Бөдөш Мамырова: - Асылбек Шарипович, сиз бүгүн мага эмне үчүн микрофон бербей, депутаттык укугумду чектеп жатасыз?

Асылбек Жээнбеков: - Сиз депутат Ташполот Балтабаевдин ордуна отуруп алып суроо бергени жатасыз. Биз чечим кабыл алганбыз, бир депутаттын ордуна башка депутаттын сүйлөшүнө жол берилбейт.

Мамырова: - Мен ортоңку микрофонго чыксам деле сөз бербей койдуңуз, эмне үчүн?

Жээнбеков: - Сөз берилди, эми сүйлөй бербейсизби? Азыр айтсам капа болосуз, бүгүн залдагы эмерекке окшошуп кийинип алыпсыз. Көрбөй калыпмын.

Мамырова: - Кандайча көрбөй каласыз?

Жээнбеков: - Көрүнбөй калат экен бул жактан.

Мамырова: - Анда сизге көрүнө турган кийим кийип келишим керек экен да. Анда мага кошумча акча төлөп бериңиз, кийим алышым керек.

Жээнбеков: - Эми сүйлөй бербейсизби?

Мамырова: - Менин кийимиме асылбаңыз, сиз менин модельерим эмессиз. Анда мыйзам кабыл алалы, “спикердин айтканындай кийинебиз” деп. Мен сиздин костюмуңузга асылган деле жокмун го.

Жээнбеков: - Асыла бериңиз, уруксат берем.

Мамырова: - Менден кичүүсүз, иним болосуз. Уят болот...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан