“Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн жарандары жумушка орношуу үчүн уруксат кагазын алууга милдеттүү эмес”,- деп билдирди Орусия президенти Владимир Путин. Ал мындай пикирин бүгүн, 29-майда Астана шаарында өткөн Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында айтты.
“Евразиялык экономикалык биримдик Орусия, Беларусь, Казакстандын жарандарына жумушка каттоосуз иштөөгө мүмкүндүк берет”,- дейт Путин.
Эскерте кетсек, жыйынга президент Алмазбек Атамбаев да катышты. Анда өлкө башчы Кыргызстан жыл соңунда аталган биримдикке кошулушу мүмкүн экенин айтты.