“Электр энергиянын баасы үч фазанын колдонуучулары үчүн гана кымбаттайт”,- деп айтты бүгүн, 29-майда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев.
Анын айтымында, аталган министрликтин “2014-2017-жылдарга электр энергия боюнча КРнын тарифтик саясаты” долбоору коомчулук тарабынан сынга алынган. "Бул долбоордун айрым жерлерин өзгөрттүк. Эми бир фазаны колдонуучулар үчүн электр энергиянын баасын 2015-жылдын 1-апрелине чейин кымбаттатпайбыз. 1 киловатт-сааттын баасы 70 тыйынга тең болуп, ошол бойдон калат. Ал эми үч фазаны колдонуучулар үчүн 1 киловатт-сааттын баасы 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга чейин көтөрүлөт. 2015-жылдан кийин баалар инфляцияга ылайык өсө бериши күтүлөт",- деди министр.
Эскерте кетсек, КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2014-жылдын 1-июлунан баштап электр энергияны нормадан ашыкча колдонгон абоненттер үчүн саатына 1 киловаттын баасын 70 тыйындан 1,2 сомго чейин көтөрүлүшүн сунуштаган. Мындан тышкары 2017-жылга чейин жыл сайын электр энергиянын баасынын кымбаттатышы да сунушталган.