Төрөбай Зулпукаров: "Ар бир мекенчил уул үчүн Куралдуу күчтөр – каармандыктын чоң мектеби"

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 29-майда Улуттук филармонияда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата өткөн жыйынга катышып, кыргыз жоокерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу жоокерлер! Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан кесиптик майрамыңыздар – чыныгы каармандыктын чоң мектеби болгон, далай замандын татаал сыноосунан өткөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен чын дилимден куттуктайм. Улуттук Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөп, Ата Мекендин сакчылыгында туруу, анын кызыкчылыгын коргоо бардык учурда өтө ардактуу, кыйла жоопкерчиликтүү, ошону менен бирге ыйык милдеттердин бири болуп келген. Ар бир мекенчил уул үчүн Куралдуу күчтөр – каармандыктын чоң мектеби! 

Азыр деле ошол озуйпасынан жазган жок.

Эр жигиттин мекен чегин тыш душмандан коргоо милдети канчалаган кылымдар кыйырын кырча басып келатса да, ушу кезге чейин баштагы багытынан тайбай, маани-маңызын өзгөртө элек. Ошондон улам "эр жигит эл четинде, жоо бетинде" деп элибиз мындан миңдеген жыл мурдагыдай эле сыпаттоо менен өз коргоочусуна жогору баа берет",- деп башталган куттуктоодо Куралдуу күчтөрдүн өлкө коопсуздугундагы орду боюнча узак сөз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан