Исхак Раззаков атындагы жогорку окуу жайынын окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды

Исхак Раззаков атындагы жогорку окуу жайынын окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 29-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, окуу жайдын мугалими аты аталбаган айымды окуу жайга өткөрүү үчүн 60 миң сом сураган. Бул акчанын 45 миң сомун алган соң, сессияларды бүтүрүү үчүн да акча талап кыла баштаган. Бирок кийин жогорудагы аты аталбаган айым окууга өткөндөрдүн тизмесинен өз атын таппай койгон.

Аталган факт боюнча ыкчам аракеттер жүргүзүлүп, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык  университетинин окутуучусу 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
SHATY
2014-05-29 18:08:07
КМТУ (политех) кучтуу окуу жайлардын бири, мен убагында озум эле отком. Мындай мугалимдер да жок эмес.
0
Dadin
2014-05-29 18:29:54
КГУСТАда бар экен бир эжеке,досум айтты сессияда жон эле 100000 мин сом табат деп.Бирок студенттердин баары коркушат экен айткандан.
0
Mirba-Nookat.83
2014-05-29 18:31:01
Колун кесиш керек паракорчуларды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан