Жогорку Кеңеште жол коопсуздугун жөнгө салууга багытталган 2 мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилердин бири депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору жол кырсыгын азайтуу, жолдо жүрүү эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу, жолдо жүрүү эрежелерин бузган айдоочуларга салынуучу айыпты көбөйтүү максатында иштелип чыкты. "Администрциялык айыптан топтолгон каражаттын 25 пайызы Жол-кайгуул кызматына берилип, калган каражат республикалык бюджетке түшөрү айтылды.
Талкууда административдик айыптын өлчөмүн көбөйтүү чаралары жол кырсыгынын санын гана кыскартпастан, республикалык бюджетти толтурууга да салым кошору айтылды. Бишкектин көчөлөрүнө видеокөзөмөл жүргүзө турган "Коопсуз шаар" долбоорун тезинен ишке ашыруу сунушу да берилди.
Жыйынтыгында сунушталган эки мыйзам долбоорун бириктирүү чечими кабыл алынды.