Жогорку Кеңеште бүгүн, 29-майда Толкунбек Абдыгулов КРнын Улуттук банкынын төрагасы болуп шайланды. Ага 83 депутат “макул”, 3 депутат “каршы” деп добуш берди. Каттоодон 89 депутат өткөн. Абдыгулов жыйында депутаттардын бир нече суроолоруна жооп берди.
Толкунбек Абдыгулов
Туулган жылы - 1976-жыл, 7-июль.
Туулган жери - Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бөкөнбаев айылы.
Улуту - кыргыз.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис жана япон.
Буга чейин өкмөттүк аппараттын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүн жетектеп келген.