Алай районунда Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп турган Ахматбек Келдибековдун тарапташтары бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушууга келбесе, Бишкекке барышарын айтышты. Муну бүгүн, 29-майда митингдин катышуучусу Жаркынбай Косонов билдирди.
“27-майдан бери бийлик өкүлдөрүнүн келишин күтүп жатабыз. Тилекке каршы, Алай районунун акими Таалай Сарыбашовдон башка эч ким келген жок. Бүгүн вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевди келет деп күтүп жаттык эле, ал дагы келбеди. Эгерде бийликке бул жерде туруп үнүбүз жетпесе, 2000 адам Бишкекке барат”,- деди ал.
Эске салсак, 27-майдан бери Алай эли депутат Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгарууну талап кылып, жол тосуп турушат.