Маалыматка ылайык, адамзатынын үчтөн бири семиз адамдар экен. Бүгүнкү күндө дүйнө боюнча семиз адамдардын саны 2 миллиард 100 миллионду түзсө, 33 жыл мурда 857 миң киши гана семиз деп табылган. Жалпысынан 188 өлкөдө 1980-жылдан 2013-жылга чейин жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, эң жогорку көрсөткүч Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада. Бул аймактарда эркектердин дээрлик 60, аялдардын 65 пайызы ашыкча семиз. Ал эми АКШда дүйнөдөгү семиз адамдардын 13 пайызы жашайт. Ошондой эле семиз адамдар жашаган эң жогорку көрсөткүчтөрү бар өлкөлөрдүн ондугуна Кытай, Индия, Орусия жана Пакистан өлкөлөрү да кирет.
Билл менен Мелинда Гейст фонду каржылаган изилдөөдө ашыкча салмак саламаттык тармагына көп оорчулук келтирип жаткандыгы айтылат. Ошондой эле семиз кишилер жүрөк, рак, диабет, муун, боор ооруларынан көбүрөөк запкы тартышары айтылууда.