Жогорку Кеңеш бүгүн, 29-майда "Акыйкатчы жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алды. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, акыйкатчылык кызматка парламенттеги фракциялар 3төн ашык талапкер көрсөтө албайт. Акыйкатчы шайлоодо бир депутат бир гана талапкерге добуш бере алат. Ошондой эле акыйкатчыны шайлоо процесси башталгандан кийин добуш берүү күнү башка күнгө жылдырылбайт.