"Ветеринария жөнүндө" мыйзам долбоорун парламент 1-окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 29-майда "Ветеринария жөнүндө" мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды. Демилгечилердин айтымында, аракеттеги мыйзам азыркы замандын талаптарына жооп бербей калды. Бул мыйзам долбоорун жазууда башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары эске алыныптыр. Мыйзам долбоорунда ветеринардык палата, мал ээлеринин жоопкерчилиги жана башка жаңы түшүнүктөр киргизилип, эпизотикалык карта иштелип, бардык аймактар зоналаштырыларын билдирди. Башкача айтканда, бир облуста мал оорусу катталса, оору катталбаган облустардагы мал эти экспорттоло берет. Учурда мындай мүмкүнчүлүк жок экени айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан