Бүгүн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Ош шаарында кылмышкерлердин огунан каза болгон милициянын полковниги, түштүк аймактык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Толкунбек Шоноевдин жакындарына көңүл айтты. Президент ИИМден бул кылмышты кылдаттык менен иликтөөнү, кылмышка катышы бар кишилерди табуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдонууну талап кылды. “Атамбаев 2010-жылы башталган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү эч кандай ымалага барбай улануусу керек деп билдирди”, - дейт президенттин маалыматтык саясат аппаратынан.