Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм бала дайынсыз жоголууда. Мындай маалыматты бүгүн, 29-майда Октябрь РИИБинен билдиришти.
Маалыматтарга караганда, 1999-жылы туулган Алишер Абдуллаев үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Алишер Абдуллаевдин бою 170 сантиметр, чачы кара, арык. Кара свитер, ак көйнөк жана кара шым кийип жүргөн.
Укук коргоо кызматкерлери аталган өспүрүм тууралуу кандайдыр бир маалымат билген жарандардан төмөнкү номурларга чалып коюуну өтүнүшөт: (0312) 56-44-02, (0555) 02-19-02.