Өкмөт: Оштук дыйкандар 663 миллион сом жеңилдетилген насыя алышты

Кыргызстанда дыйкандар 29-майга карата “Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоорунун алкагында 3 миллиард 868 миллион 628 миң сом жеңилдетилген насыя алышты. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Насыя 12 532 жаранга берилгени айтылды. Насыя алуулардын көрсөткүчү аймактар боюнча төмөнкүдөй:

Чүй облусунда 937 миллион 108 миң сом;

Ысык-Көл облусунда 468 миллион 278 миң сом;

Талас облусунда 393 миллион 779 миң сом;

Нарын облусунда 347 миллион 247 миң сом;

Жалал-Абад облусунда 766 миллион 162 миң сом;

Ош облусунда 663 миллион 492 миң сом;

Баткен облусунда 292 миллион 562 миң сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан