Наталья Никитенко парламенттин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды. Добуш берүү процесси парламенттин 29-майдагы жыйынында өтүп, сунушталган жалгыз талапкерге 79 депутат “макул”, 5 депутат "каршы" деп добуш берди.

Айта кетсек, аталган комитетти буга чейин “Кумтөр” боюнча мурунку өкмөттүн чечимине нааразычылык иретинде депутаттыктан баш тарткан Эркин Алымбеков жетектеп келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан