Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 29-майда Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерин КРнын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Жолдош жоокерлер, сержанттар! Офицерлер жана генералдар! Урматтуу Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери!
1992-жылдын 29-майы – мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн фундаменталдык негизи катары Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү түзүлгөн күн.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнү – бул аскерлердин, азыркы шарттарда өлкөдөгү тынчтыкты жана бакубатчылыкты сактаган жеңүүчү муундун татыктуу мураскерлеринин майрамы.
Урматтуу аскер кызматчылары, силер Ата Мекендин ишенимдүү калканычы, аймактык бүтүндүктүн жана эгемендиктин кепилдигисиңер. Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөө - Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети, улуу муундун баатырдык жана күжүрмөн салттарына негизделген мекенчилдиктин кубаттуу адеп-ахлактык мектеби болуп калды.
Силердин кызматыңар, жогорку кесипкөйлүк, эң жакшы күжүрмөн эмгегиңер үчүн рахмат.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Силерге жана силердин жакындарыңарга тынчтык жана жакшылык, туруктуулук жана оптимизм каалайм, Ата Мекен үчүн аскердик кызматыңарда жана каармандык эмгегиңерде жаңы ийгиликтердин болушуна тилектешмин".