Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев чек ара кызматкерлеринин айлык акыларын 2013-жылдын 1-январынан 25 пайыздан 50 пайызга чейин көтөрүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат аппаратынан билдирди. Токтомго ылайык, чек ара кызматынын өздүк курамынын айлык акылары ээлеген кызматына, аскердик наамына жана кызматка (канча жыл) сиңирген эмгегине жараша көтөрүлөт. “Бул чечим чек ара кызматкерлерине демилге жана кызматка түрткү берет деп ишенем”,- деди премьер-министр.