Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн тик учактан украиналык 12 аскер жана 2 генерал каза болду

Бүгүн, 29-майда Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдерге (орусиячыл тарап) каршы операция учурунда асмандан атып түшүрүлгөн тик учактан украиналык 12 аскер жана 2 генерал каза болду. Бул тууралуу Жогорку Раданын жыйынында парламент төрагасы Александр Турчинов айтты.

Анын билдиришинче, Украинанын чыгышында аскердик операция өткөрүп жаткан аскерлерди алмаштыруу керек болчу. “Донецкте атып түшүрүлгөн тик учакта биздин аскерлер бар болчу. Аскер кызматкерлерин башка аскерлерге алмаштыруу керек эле”,- деди Турчинов.

Жикчилдер эки тик учакты атып түшүргөнүн билдиришүүдө. Учурда Донецк облусунун Молочар районунда жикчилдер менен Украина аскерлеринин ортосунда атышуу уланып жатканы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан