* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы Минск шаарындагы "Немига" метро станциясында түртүшүүдөн 54 адам өлгөн. Минск спорт сарайында өткөн "Мир" радиосунун бир жылдык салтанатына катышкан 14 жана 18 жаштагы жаштар күтүүсүз жааган нөшөрлөгөн жамгырга кабылып, "Немига" метро станциясына кире качышкан. Өрөпкүгөн жаштар бири-бирин тебелеп, ал адам өлүмүнө себепкер болгон.

* Мындан 583 жыл мурун, 1431-жылы Франциянын Руан шаарында Жанна д’Арк өрттөлгөн. Францияда жүз жылдык согуш жүрүп жаткан убакта Жанна өзүн Кудайдын элчиси катары жарыялап, “Францияны баскынчылардан бошотуу - ыйык милдетим” деп айтып чыгат. “Кудайдын элчиси” деген аңыз бүткүл Францияны каптап, падыша Карлга чейин жетет. 19 жаштагы Жанна падышанын кабылдамасында болуп, аскер берүүсүн суранат. Жаннанын жеңишинен кийин падыша Карл таажысын кийип тактыга отурат. Бирок кайтарымы жок падыша өлкөсү үчүн көп эрдиктерге барган баатыр кызды сатып кетет. Өз падышасынын кыянаттыгынын айынан жоокер кыз туткундалып, чиркөөнүн адилетсиз соту динге каршы келген көз карашы үчүн Жаннаны айыптуу деп табат. 19 жаштагы Жанна д’Арк эл алдында тирүүлөй өрттөлөт.
* Мындан 78 жыл мурун, 1936-жылы тажрыйбалуу сибирдик алтын издегич Пётр Архипов Жогорку Нарындан алтын кенин издеп баштаган. П.Архиповдун изденүүсү текке кетпей, Кум-Бел жеринен алтын чыккан. Биринчи тазалоодон соң мамлекетке алтын тапшырылып, П.Архиповго "Нарындагы алтын кенинин биринчи ачуучусу" деген расмий документ тапшырылган.
30-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк
бул жактан окуй аласыздар.